Ош мамлекеттик университетинде "14-Февраль - Сүйүү күнүн майрамдоо керекпи?” деген темада талкуу өтөт

Эртең, 13-февралда Ош мамлекеттик университетинин тарых-юридика факультетинде “14-Февраль - Сүйүү күнүн майрамдоо керекпи?” деген темада талкуу өтөт. Бул тууралуу аталган университеттин өкүлү Замир Божонов билдирди.

“Азыркы учурда студенттер 14-Февраль - Сүйүү күнүн майрамдоо керектигин айтып жатышса, дин өкүлдөрү карама-каршы пикирин билдиришүүдө. Ошондуктан биз бул нерсени талкууга алуу максатында ушул иш-чараны өткөзүп жатабыз. Өзүңөр билгендей, коомдо аталган майрамды талкууга алгандар өтө көп”,- деди Божонов.

Талкууга дин ишмерлери, окуу жайлардын жектекчилери жана студенттер катышышат.

Айта кетсек, иш-чара Жаштар комитети тарабынан уюштурулуп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан