Динара Сагынбаева: “Келдибековдун ден соолугу жакшы, СИЗОго алып кетүүгө болот” деп чечим чыгарган эмеспиз”

Жогорку Кеңеште депутат Ахматбек Келдибековдун ден соолугу боюнча маселе каралууда. Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева буларды айтты: “Биздин комиссия “Келдибековдун ден соолугу жакшы, СИЗОго алып кетүүгө болот” деп чечим чыгарган эмес. Комиссия Келдибековду УКМКнын атайын ооруканасында кароого боло турганын билдирген. Прокуратурадан кат келди, “корутунду чыгарып бергиле” деген. Биз тийиштүү корутундуну чыгарып бердик”.

Депутаттар министрди сынга алышууда. Исмаил Исаков: “Прокуратура сураса, силер “бере албайбыз, Келдибековду азырынча чыгара албайбыз” дешиңер керек эле да”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан