15-февраль күнү “Тогуз-Булак” лыжа базасында “Кыргызстан – тоо-лыжасы менен кышкы эс алуунун мекени- 2014” аттуу фестиваль өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган фестиваль 2010-жылдан тартып жыл сайын өткөрүлүп келет. Иш-чаранын максаты - Кыргызстанды кышкы спорттун, туризм жана эс алуунун мекени катары пропагандалоо, кыргызстандык жарандарды сергек жашоого чакыруу.
Маалыматка ылайык, фестивалдан чогулган бардык каражат калктын алсыз катмарындагы адамдарга жардам берүүгө багытталат.
Буга чейин аталган иш-чаранын алкагында №1-балдардын кургак учук ооруканасына, “Нурмээайса” балдардын убактылуу жашоочу борборуна, Балдар онкологиялык борборуна, Республикалык кан борборуна, “Боорукердик” балдар үйүнө жана Ош шаарындагы “Алтын уя” балдар үйүнө каражаттар бөлүнгөн.