“Боом капчыгайында милиция кызматкерлерине ок чыгаргандарга көмөк көрсөткөн” деген шек менен 43 жаштагы Рустам Бурканов кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин башчысынын орун басары Айбек Жайлообеков билдирди.
Анын айтымында, 2013-жылдын 31-декабрында Боомдогу кылмышка шектүүлөр жана аларга жардам берген Рустам Бурканов Бишкекте жеке ишкердин батирине кирип, үйдө отурган 10 жаштагы баланы курал менен коркутуп, 50 миң АКШ долларын уурдап чыгышкан.
“2014-жылдын 6-февралында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан Учкун жаңы конушунда жашаган Рустам Бурканов кармалган. Анын жанынан кара түстүү кол кап, бет кап, баштык, тапанча жана милициянын старшинасынын погондору табылган. Үйүндө көптөгөн сим-карталар, паспорттор, жасалма сакал, мылтык жана анын октору болгон. 1971-жылкы Рустам Бурканов Боомдогу кылмышка шектүүлөр Заур Магомедов жана Бердимурат Арчаевге жардам берип келгенин мойнуна алды”,- деди Айбек Жайлообеков.
Эскерте кетсек, 9-февралда саат 17:00 чамасында Тоң районунун Көк-Мойнок айылында күч органдары тарабынан BMW үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Бирок алар ага болбой качып кетишкен. Милиция кызматкери менен жол-кайгуул кызматкери аларды кууп барып токтотушканда, BMW унаасынын ичиндеги белгисиз адамдар аларга ок чыгарышкан. Натыйжада бирөөсү каза болуп, экинчиси жараат алган. Кылмышка шектелгендердин унаасынын дөңгөлөгү жарылып калгандыктан, ошол эле жерден башка Ауди үлгүсүндөгү унааны тапанча менен коркутуп токтотушуп, айдап качып кетишкен. 10-февралда саат 18:00 чамасында алар Токтогул шаарынан чыга бериш жердеги “Бабур” кафесинин жанында өлтүрүлгөн.