Турсунбай Бакир уулу: “Бийлик бут тосуп, 1996-жылы Сатыбалды Жээнбеков деген депутат ооруканадан көз жумган” 

Жогорку Кеңеште бүгүн, 12-февралда депутат Ахматбек Келдибековдун ден соолугу боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы угулду. Министр Динара Сагынбаеванын айтымында, учурда депутаттын ден соолугу туруктуу.

Депутат Турсунбай Бакир уулу дарыгерлерди милдетин так аткарууга чакырып, тарыхты эскерди. 

“Ушундай көрүнүш 1996-жылы болгон. Сатыбалды Жээнбеков деген депутатыбыз 4-ооруканага жаткан. Ал оппозицияда болгондуктан, бийлик бут тосуп, аны жакшы дарылантпай, жыйынтыгында ошол ооруканадан сөөгүн алып чыкканбыз. Кудай сактасын, баары көп жашасын ылайым. Согушта деле фашисттерди оор абалда сотко алып келген эмес. Келдибеков фашист эмес, өзүбүздүн эле уулубуз го”,- деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан