Бишкекте Жол-кайгуул кызматынын инспекторун унаасында сүйрөп кеткен айдоочу бошотулду

1-февралда Бишкекте Жол-кайгуул кызматынын (ЖКК) кызматкерин унаанын капотунда сүйрөп барып таштай качкан айдоочуну Биринчи Май райондук соту эч жакка кетпөө тил каты менен эркиндикке чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эске салсак, окуя 1-февралда Чүй проспекти менен Логвиненко көчөсүнүн кесилишинде катталып, анда ЖККнын кызматкери унаа токтотууга тыюу салынган жайда токтоп турган машинанын айдоочусуна кайрылган. Бирок айдоочу аны көз жаздымда калтырып, унааны айдап жөнөгөн. Жыйынтыгында унаанын капотунда сүйрөлүп барып жыгылган кызматкер ооруканага кайрылган. Ал эми кылмышка шектүү катары Бишкектин 40 жаштагы тургуну кармалып, камакка алынган.

Бишкекте айдоочу Жол-кайгуул кызматынын инспекторун унаасында сүйрөп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
faha
2014-02-12 17:52:25
unun alyp koyushuptur go, sonun sozdor mn koshtolgon bolchu)))
-2
infiniti
2014-02-12 17:56:49
Акыркы кундору,маи менен милициялар ойунчук эле болуп калды. Мыйзамдын жоктугунан.
-1
zman53
2014-02-12 18:47:49
Байкелер жардам берип жатат окшойт.Бир аз кундо таптаза бойдон чыгып кетет.Убара болбой эле койгула.
+1
Lumia-800
2014-02-12 18:52:23
z.man53 Туура айтасын, оз кучуно ишенген учун айдап качтыда. Чыгып кетет, бирок ал гезит бетине чыгышы кумон.:))
0
bakyrankoz
2014-02-12 21:20:51
туура эле кылыптырсын .... молодец
0
admin_superstan
2014-02-13 12:12:49
bakyrankoz, кимдир бирөөнү мазактоого жол берилбейт.
3 күн БАН!
0
maks83
2014-02-12 21:55:32
гаи лер карапайым айдоочулардан акчаны алат да сол чонтоко салат аа чондорду коргондо унчукпайт мен коп эле кором
0
jeshka90
2014-02-13 01:02:27
эмнеге гаи милицияларды элдер жаман корот? эгер алар жок болсо озубузго эле кыйынго
+2
asiret
2014-02-13 11:52:13
биздин МАИчилерибиз МАИ деп атоого татыктуу эмес
0
aibek92
2014-02-13 13:02:10
Перец теле каналына бериш керек экен дорожный война га
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан