Кечээ, 12-февралда Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүнөн баңгизатын алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда ОИИББинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. Жүргүзүлгөн оперативдик иликтөөнүн негизинде кармалган адам Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылынын 1975-жылы туулган С.Т. экени аныкталды.
С.Тны тинтүү учурунда салмагы 2 килограмм 168 грамм гашиш, 1 килограмм 59 грамм героин табылган.
Учурда ал заттар атайын экспертизага жөнөтүлүп, баңгизатын кандай максатта сактап жүргөндүгүн тактоо үчүн тергөө иштери жүргүзүлүүдө.