Бүгүн, 13-февралда “Сочи-2014” Олимпиадасында 6 комплект медаль ойнотулат. Бул тууралуу Олимпиаданын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, тоо-лыжа спорту, кёрлинг, лыжа менен кош жарыш, чана спорту, коньки тээп ылдамдыкка чуркоо, сноуборд, муз үстүндө бийлөө жана хоккей спорттору боюнча таймаш болот. Бул күнү хоккей жана кёрлингден тышкаркы 6 спорт түрүнөн медалдар ойнотулат.
Биатлон (Бишкек убактысы боюнча 20:00дө башталат. Уландар арасында жекеликте 20 чакырым аралыкка жарыш).
Кёрлинг (11:00. Кыз-келиндер жана уландар арасында 5-6-сессиялардагы беттештер орун алат. 11 беттеш болот).
Лыжа менен жарыш (Жарыш 16:00дө башталат. Кыз-келиндер классикалык стилде 10 чакырым аралыкка жарышат).
Чана спорту (22:15. Эстафета).
Скелетон спорту (1-жарыш 13:30да, 2-жарыштар 14:40та башталат. Кыз-келиндер арасында)
Коньки тээп ылдамдыкка чуркоо (20:00. Кыз-келиндер арасында 1000 метрликте).
Муз үстүндө бийлөө (21:00. Уландар арасында кыска программа).
Фристайл (Слоупстайл стилинде уландар арасында тандап алуу туру 12:15те, финал 15:30да орун алат).
Хоккей ( “А” жана “В” тайпаларында 6 оюн орун алат. 14:00, 18:30, 23:00).
Коньки тээп кыска аралыкка жарышуу (16:00 – Кыз-келиндер арасында 500 метрликте чейрек финал орун алат. 16:25 – Уландар арасында 1000 метрлик. 17:10 - Кыз-келиндер арасында 500 метрликте жарым финал. 17:31 – Уландар арасында 5000 метрликте эстафета, жарым финал. 18:05 - Кыз-келиндер арасында 500 метрликте финал).