Бишкекте сойкукана уюштурган Кытайдын жарандарын бошоткон милиция кызматкерлери тергөө иштеринен четтетилишти

Кызматтык милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн Бишкек ШИИББинин тергөөчүсү жана тергөө тобунун жетектөөчүсү тартиптик жазага тартылат. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "сойкукана уюштургандарды өлкөдөн эч жакка кетпөө талабы менен Бишкектин Свердлов райондук соту бошотту" деген маалымат чындыкка келбей турганы аныкталды. Бул факты боюнча тергөө иштери жүргүзүлгөндө кылмышка шектүүлөрдү Бишкек ШИИББинин тергөөчүсү бошоткону белгилүү болду. Ал жана тергөө тобунун жетектөөчүсү тергөө иштеринен четтетилди.

Эскерте кетсек, 6-февралда Бишкекте сойкулук кызматын уюштурган 3 кытайлык жаран: 44 жаштагы Ян Жиаронг, 33 жаштагы Шу Шуанже жана 34 жаштагы Шу Фенгвей кармалган. Кийинки күнү, 7-февралда аларга кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
tynara81
2014-02-13 12:18:16
Тергөө ишинен четтетип коюу чара көрүлгөнгө киреби. Жеген акчасын кускудай чара көрүлүш керек.
+1
maks83
2014-02-13 13:42:20
кытайларды камадыбы кайра
+1
infiniti
2014-02-13 18:01:51
Бизде озу миграционныйлар иштешеби? Депорт кылыш керек.
+1
mirbek0619
2014-02-14 01:36:05
Орусиянын жарандыгын алгандарды депортация кылбай, ошолорду карасанар жакшы болмок бизде закон иштебейт да , баардыгы тааныш аркылуу чечип коюшат.
+1
barsa1984
2014-02-16 21:01:03
Кыргыз жерине келип алып каалаганын жасаган кытайларды бошотуп жиберген орган кызматкерлеринде атуулдук ар-намыс дегенден эч нерсе жок экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан