Акыркы сутка ичинде республика аймагында 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 13-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 5, Ош облусунда 1, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Токмок шаарындагы №23-окуу лицейинде өрт чыкты. Анда спортзалынын 28 чарчы метр жыгач полу, терезеси күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна тиричилик электр шаймандарын колдонууда эрежелердин бузулушу себеп болгон.