Баткен облусунда медико-социалдык эксперттик мекемелер аралык комиссиянын жетекчиси пара алып жаткан жеринен кармалды

Баткен облусунда медико-социалдык эксперттик мекемелер аралык комиссиянын жетекчиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 13-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган жетекчи жергиликтүү тургундан анын майыптуулугу боюнча пенсиясын узартуу үчүн акча талап кылган. Ал 16 500 сом алып жатканда кармалган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан