Кемин районунун Көк-Ойрок айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган айыл өкмөтүнүн кызматкерлери “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айыпталып жатышат.
2012-жылы А.Токомбаев атындагы мектептин капиталдык ремонту үчүн 3 миллион 500 миң сом акча бөлүнгөн. Бирок мектеп толук оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.
Жалган акт түзүшүп, калган акчаны эсептен чыгарып салышкан. Иликтөөнүн жүрүшүндө мамлекет 2 миллион 905 миң сом зыян тартканы белгилүү болгон.
Учурда Кемин райондук прокуратурасы бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдары жүрүп жатат.