Бишкек шаарынын Ленин районунун милиция кызматкерлери тарабынан тоноочулукка шектүү уюшкан топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 10-февралында дүкөндү тоноого аракет кылып жаткан жеринен бир бала кармалган. Анын көрсөтмөлөрүнө таянып, укук коргоо органдары калган төрт студентти колго түшүрүшкөн.
“Тергөө амалдарынын натыйжасында уюшкан топтун мүчөлөрү Бишкектин жогорку окуу жайларынын студенттери экени жана алар ижарага алынган кымбат батирде жашап тургандыгы аныкталды”,- деп билдирди Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.