Орусиянын Ленинград облусунда "дайынсыз жоголду" деп катталган эки кыргызстандыктын жансыз денелери табылды. Бул тууралуу кечээ, 13-февралда КРнын Орусиядагы элчилиги билдирди.
Маалым болгондой, 33 жана 28 жаштагы Кыргызстандын жарандары Сяглицы айылында күзөтчү кызматында иштеп келишкен. Алар 2013-жылдын октябрь айында жумуштан чыгып, дайынсыз жоголушкан.
“Алар мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталды. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Учурда алардын жансыз денелерин Кыргызстанга алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө”,- деп кабарлады КРнын Орусиядагы элчилиги.