Кечээ, 13-февралда “Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасынын алкагында орун алган жарыштардын жыйынтыгында орун алмашуу болгон жок. Лидерлик сапта келаткан Германия эсебине 1 алтын, 1 күмүш медаль жазып, ордун сактап калды. Медалдар башка командалардын да карамагына өткөн менен, алдынкы орундарда өзгөрүү болгон жок.
13-февралдагы оюндардан кийин медалга ээ болгон мамлекеттердин саны 24кө жетти. Эске салсак, мелдешке жалпысынан 89 мамлекеттин спортчулары катышууда.
Командалык эсеп:
1. Германия – 10 медаль (7 алтын, 2 күмүш, 1 коло)
2. Канада – 10 медаль (4 алтын, 4 күмүш, 2 коло)
3. Норвегия – 13 медаль (4 алтын, 3 күмүш, 6 коло)
4. Голландия – 12 медаль (4 алтын, 3 күмүш, 5 коло)
5. АКШ – 9 медаль (4 алтын, 2 күмүш, 6 коло)
6. Швейцария – 4 медаль (3 алтын, 1 коло)
7. Орусия – 11 медаль (2 алтын, 5 күмүш, 4 коло)