Бүгүн, 14-февралда “Сочи-2014” Олимпиадасында 6 комплект медаль ойнотулат. Бул тууралуу Олимпиаданын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, медалдар биатлон, тоо-лыжа спорту, лыжа менен жарышуу, скелетон, муз үстүндө бийлөө, фристайл спорт түрлөрүнөн ойнотулат. Андан тышканы бул күнү хоккей, лыжа менен трамплинден секирүү жана кёрлинг спорттору боюнча жарыштар өткөрүлөт.
Биатлон (Бишкек убактысы боюнча 20:00дө башталат. Уландар арасында жекеликте 20 чакырым аралыкка жарыш).
Тоо-лыжа спорту (17:30. Слалом түрү боюнча уландар арасындагы жарыш)
Кёрлинг (11:00. Кыз-келиндер жана уландар арасында 7-8-сессиялардагы беттештер орун алат. Жалпы 11 беттеш).
Лыжа менен жарышуу (16:00. Уландар арасында классикалык стилде 15 чакырым).
Лыжа менен трамплинден секирүү (23:30. Уландар арасында жарыштар өтөт).
Скелетон спорту (18:30да уландар арасында биринчи жарышка, 20:00дө экинчи жарышка старт берилет. Кыз-келиндер арасында 3-жарыш 21:40та, 4-жарыш 22:50дө башталат).
Муз үстүндө бийлөө (21:00. Уландар арасында эркин бийлөө).
Фристайл (19:45. Кыз-келиндер арасында тандап алуу оюндары жана финалдык оюндар).
Хоккей (“В” жана “С” тайпаларында 6 оюн орун алат. 14:00дө Чехия-Латвия, 18:30дө Швеция-Швейцария. 23:00дө Норвегия-Финляндия, Канада-Австрия беттештери башталат).