“Сочи-2014”. Евгений Плющенко жаракаттан улам карьерасын жыйынтыктады

Муз үстүндө бийлөө боюнча Олимпиада оюндарынын 2 жолку чемпиону (2006, 2014), 2 жолу күмүш медалга ээ болгон орусиялык Евгений Плющенко алган жаракатынан улам карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу 13-февраль күнү “Сочи-2014” Олимпиадасынын расмий сайты кабарлады.  

Маалыматка ылайык, ал кечээ, 13-февралда муз аянтчасында жекеликте өнөрүн көргөзмөк. Бирок даярдык учурунда далысындагы жаракатын козгоп алгандыгы үчүн оюндарга чыга алган жок жана расмий түрдө карьерасын жыйынтыктаганын жар салды. “Мындан ары бул спорт түрү менен алектенүү үчүн жашым туура келет. Бирок буга чейин мага 12 операция жасалганын эске алып, карьерамды жыйыштырдым”,- деп билдирди 31 жаштагы спортчу.  

Эске салсак, Евгений Плющенко “Сочи-2014” Олимпиадасында муз үстүндө бийлөөдө командалык жарыштарда Орусиянын эсебине биринчи алтын медалды алып келүүгө активдүү катышкан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
clever777
2014-02-14 11:01:10
Окунучтуу
0
DNurgiza
2014-02-14 11:56:23
Коп эле ийгиликтерге жетишти, эми тренер болушу мумкун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан