Легендарлуу мушкер Мухаммед Алинин мээлейи 500 миң долларга бааланып, аукционго коюлат

Легендарлуу мушкер Мухаммед Алинин мээлейи 22-февралда 500 миң долларга бааланып, аукционго коюлат. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда чет элдик маалымат булактары кабарлады.  

Маалыматка ылайык, мушкердин 1964-жылы 25-февралда Сонни Листонго каршы беттеште кийген мээлейи 500 миң долларга бааланып, америкалык компаниялардын бири тарабынан аукционго коюлууда. Быйыл бул белгилүү беттешке туура 50 жыл толот.

Эске салсак, ал беттеште Али Сонни Листонду нокаут менен утуп, супер оор салмакта Дүйнө чемпиону аталган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
piter93
2014-02-14 13:33:42
500 сомго баалашып корсомбу е барып
-1
Cho
2014-02-15 04:30:55
какой 50 сомго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан