Акыркы сутка ичинде республика аймагында 18 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 14-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 6, Ош облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 2, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Өрт кырсыктарынын бири Сүлүктү шаарында катталган. Анда “Келечек” балдар бакчасынын 20 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна жылытуучу мештин жана мордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.