“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерине кылмыш иши козголду

“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 14-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, аталган ишкананын Сокулук районундагы бөлүмүндө иштеген кызматкер өзүнө пайда көрүү максатында 2012-2013-жылдары бир катар жеке тараптар менен имараттарды ижарага берүү келишимдерин түзгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө келишимдер төмөндөтүлгөн баада түзүлгөнү аныкталды. Бирок ижаралык төлөмдөр боюнча отчёт түзүлгөн эмес. Мындан улам мамлекетке 292 миң сом зыян келтирилген. Учурда аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “шалаакылык” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Raxim76
2014-02-14 15:01:56
Бизде баардыгы корупцияга чырмалышып оролуп эле жатып калган.Почтага,мектеп,ооруканага ,соц фонд,деги кайсыга барба Акча роль ойнойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан