КСДП фракциясынын 14-февралдагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков “кандай болгон күндө да Кыргызстанда оппозиция болушу керек” деди. Фракция жыйынына катышкан Ак-Талаа райондук кеңешинин депутаттарына кайрылып: “Силердин облустун келечеги кенен. Ал өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн темир жол аркылуу Кытай менен байланыштырат. Силердин кеңеште да оппозиция болушу керек, ансыз иш жүрбөйт”,- деди.
Жыйында чек арачылардын маселеси да көтөрүлдү. Депутаттар чек араны кайтаруу үчүн жоокерлерге велосипед сатылып алынып жатканын сындашты.