Ош шаарында Облустук ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан "Иностранец" рейди жүрүүдө. Бул тууралуу 14-февралда ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында кечээ, 13-февралда "буга чейин ар кандай кылмыштарды жасап келген" деген шек менен 9 чет мамлекеттин жарандары кармалды.