Кызыл-Жар республикалык психиатриялык ооруканасынын кызмат адамдарына дагы бир кылмыш иши козголду. Бул туурасында КРнын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган оорукананын жетекчилиги Б.Р. аттуу бейтаптын качып кеткендиги жөнүндө күч органдарына кабарлашкан эмес. Бейтап 2013-жылдын 22-декабрында качып кеткен.
Дарыгерлердин мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында Б.Р. аттуу бейтап эркиндикке чыгып, Бишкек шаарынын аймагында оор кылмыштарды жасаган. Учурда бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “шалаакылык” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.