Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Азамат Абдымомунов кармалды. Ал мурда издөөдө жүргөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Абдымомунов мурда “адам өлтүрүү”, “ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо жана алып жүрүү” боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Ал 2005-жылы “Түп районунун тургунун өлтүрдү” деп күнөөлөнүп 15 жылга эркинен ажыратылган. Бирок 3 жылдан кийин абак-жатагына которулуп, бир жылдан кийин ал жактан качып кеткен. Мындан улам ага издөө жарыяланган. Учурда ал кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.