13-февралда Бишкектеги №1-СИЗОдо өз жанын кыйган адам 22 жашта болгон. Муну бүгүн, 15-февралда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, каза тапкан жаран - 1992-жылы туулган В.Андреев. Анын 15 жылга эркинен ажыратылганы белгилүү болду. Окуя боюнча тергөө жүрүп жатат.