Бишкек шаарында жыл башынан бери 4233 кылмыш катталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 17-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, 1-январдан 16-февралга чейин катталган кылмыштардын 3506сынын бети ачылса, алардын 485и изи сууй электе ачылган. Ошондой эле милиция кызматкерлери тарабынан 118 издөөдө жүргөн адам кармалган.