Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында Кыргызстандын кезектеги Биринчилигинде чемпион болду

Жаштар арасындагы Азия чемпиону Айсулуу Тыныбекова 15-февралда Бишкекте жыйынтыкталган кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын Биринчилигинде 60 килограмм салмакта жеңүүчү аталды. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдеш алкагында жалпысынан 9 салмак категориясында Кыргызстандын чемпиондору аныкталды.

Чемпиондор:

44 килограмм салмакта - Ажар Замир кызы (“Тынымсейит” командасынан).  

48 кг - Айзада Жаналиева (Свердлов райондук олимпиадалык резервдин балдар жана өспүрүмдөр мектеби). 53 кг - Розалия Тилегенова (Республикалык олимпиадалык резервдик окуу жайы).   

55 кг - Элиза Абдыкадырова (КМТУ)

58 кг - Айша Акбарова (Талас облусу)

60 кг - Айсулуу Тыныбекова (Олимпиадага даярдоо борбору)

63 кг - Бурул Алыкулова (Республикалык олимпиадалык резервдик окуу жайы)

69 кг - Кундуз Берди кызы (КМТУ)

75 кг - Эльзат Абыласан кызы (КМТУ)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан