15-февраль күнү саат 00:50 чамасында Ленин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарындагы Арча-Бешик жаңы конушунда белгисиз адам бычак менен жаракат алганы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынын ыкчам тобу барганда жабыркаган адам Бишкек шаарынын Ак-Өргөө жаны конушунун 26 жаштагы тургуну М.Бек экендиги такталган. Ал №4-шаардык ооруканага жетпей жолдо көз жумган.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы Арча-Бешик жаңы конушунун 18 жаштагы тургуну Н. Жылдыз төмөндөгүдөй көрсөтмө берген.
Анын айтымында, 2014-жылдын 14-февраль күнү кечки саат сегиздер чамасында сүйлөшүп жүргөн жигити М.Бек Жылдыздын үйүнө келген. Анан экөө чогуу Бишкек шаарындагы "Ататүрк" сейил багына барышкан. Эки сааттан кийин такси менен кыздын үйүн көздөй жол тартышкан.
Жолдо Жылдыздын уюлдук телефонуна Эрлан аттуу тааныш баладан "кайра чал" деген кат келген. Ал кайра Эрландын уюлдук телефонуна чалганда үйүнүн жанында күтүп турганын айткан.
М.Бек менен Н.Жылдыз таксиден түшүп, кыздын үйүнө жакындап калышканда алдынан Н.Жылдыздын Эрлан деген тааныш баласы тосуп чыккан. Колундагы бычагы менен М.Бекти коркутуп кууганда М.Бек көчөнүн ылдый тарабын көздөй качып жөнөгөн. Эрлан кууп барып, аркасына бычак менен сайып жиберген. Андан соң окуя болгон жерден качып кеткен.
Кылмышка шектүү жаран катары Чүй облусунун Жайыл районунун тургуну Н.Эрлан кармалып, убактылуу кармоочу жайка киргизилди. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.