“Сочи-2014”. Үй ээси Орусия медалдарынын жалпы санын 16га жеткирип, алдынкы бештикке кирди

“Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасы кызуу уланууда. 16-февралда орун алган оюндардын жыйынтыгында Орусия курама командасы алдынкы бештикке кирди.  

Кызыктарга токтоло кетсек, медалдардын саны боюнча 2-орунду ээлеп келаткан Голландия курама командасынын эсебинде 17 медаль бар. Анын 16сын голландиялыктар коньки тээп ылдамдыкка чуркоо спортунан алышты.

16-февралдагы оюндардын жыйынтыгында медаль алган командалардын саны 26га жетти. Эске салсак, мелдешке 89 мамлекеттин спортчулары катышууда.

Командалык эсеп:

1. Германия – 12 медаль (7 алтын, 3 күмүш, 2 коло).  

2. Голландия – 17 медаль (5 алтын, 5 күмүш, 7 коло).  

3. Норвегия – 14 медаль (5 алтын, 3 күмүш, 6 коло).  

4. Швейцария – 7 медаль (5 алтын, 1 күмүш, 1 коло).   

5. Орусия – 16 медаль (4 алтын, 7 күмүш, 5 коло).

6. Канада – 14 медаль (4 алтын, 6 күмүш, 4 коло).  

7. АКШ – 16 медаль (4 алтын, 4 күмүш, 8 коло). 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bazar
2014-02-17 10:38:03
Канадалыктар эмне жvрvшот бул жерде тыйындай болгон алтын vчvн тытынып. Биздин тонналаган Кумтордун алтыны жетпейби...
0
Nurtilek82
2014-02-17 13:45:06
ошондо орусия 1 алтын алтын алса 2чиге которулобу же кандай тушунбодум? супер айтып койгулачы сураныч.
0
Suiuktuu
2014-02-17 13:53:00
Nurtilek82, Ооба, эми 1 же 2 алтын алса эле ойдо которулор. Биринчи алтын медал саналат. Андан кийин кумуш.
0
Cho
2014-02-18 02:45:00
bazar эмне кыргызстандан чыккан алтынды вес канадалыктар жеп колдонушат дейсинби центерра гольддун бир эле адамдын алтыны эгер билсен и бул жерде сочи 2014 алимпияда журуп атат мировой рейитинг кайсы мамлекет коп алтын утуп кимиси коп женишке ээ болушу кетип атат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан