Ош шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери самбо боюнча эл аралык мелдеште жеңишке жетишишти

Ош шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын 6 кызматкери самбо боюнча эл аралык мелдеште жеңишке жетишти. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Ош ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, интернационалист-жоокер, Кызыл жылдыз орденинин кавалери В.Гордеевдин элесине арналган мелдешке Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан жана Орусиянын спортчулары катышкан. 

Анда Максат Мусабаев, Абдыманап уулу Бакыт, Эржигит Абдыкалыков 1-орунга ээ болушкан. 

Мындан сырткары Алмазбек Акимбаев, Алмазбек Юсупов жана Ильгизбек Сайпиев 2-3-орундарды багындырышкан. Спортчуларга Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан