Кечээ, 16-февралда Кытайдын Гуанчжоу шаарында жеңил атлетика боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Анда кыргызстандык спортчулар 2 медаль тагынышты. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 15-16-февраль күндөрү өткөн мелдеште 800 метр аралыкка чуркоодо Ксения Файсканова 2-орунду, 1500 метр аралыкка чуркоодо Виктория Полюдина коло медаль утту.
Кошумчалай кетсек, Кытайга Азия чемпиондугуна катышуу үчүн жарышка кыз-келиндер арасында Анна Буланова, Виктория Полюдина, Гүлшонай Сатарова жана Ксения Файсканова аттанган. Ал эми уландар арасында Кыргызстандын желеги астында Адилет Кыштакбеков, Алексей Намуратов, Валерий Пономарёв жана Эржан Аскаров сыяктуу атлеттер аттанган.