“Жаш-Күч” волейбол клубу уландар арасындагы Кыргызстандын клубдар аралык биринчилигинин 1-турун утуп алды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда аталган спорт түрү боюнча федерациядан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Ош шаарында өткөн 1-турдун жыйынтыктоочу оюндарында 5 оюн орун алды. “Жети-Суу” клубу “Кочкорду” 3:0 эсебинде утса, “Жаш-Күч”-“Теңир-Тоо Замандаш”, “Чаткал”-“Дархан” жана “Тримекс”-“Сүлүктү-Шахтёр” оюндарында 3:1 эсептери катталды. “Улар” болсо “Талас-Шумкар” командасын 3:2 эсебинде утту.
Оюндардын жыйынтыгында, мелдештин 1-турунда “Жаш-Күч” командасы 6 оюндун баарында жеңишке жетишип, жеңүүчү аталды. 6 оюндун бешинде жеңишке жетишкен “Жети-Суу” жана “Дархан” командалары кийинки орундарды бөлүшүп келүүдө.