Жигити таштап кеткен 22 жаштагы кыз асынып алды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 17-февралда билдирди. Маалыматка караганда, бул окуя 16-февралда катталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө асынып алган кыз ИИМдин Ж.Шабиров атындагы атайын орто кесиптик мектебинин 2-курсунун курсанты экендиги аныкталган. Ал калтырып кеткен катында таштап кеткен жигити үчүн ушундай жолго баргандыгы, ансыз жашай албагандыгы, чексиз сүйөрү жазылган. Ошондой эле ата-энесинен кечирим сураган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.