Ош шаарында 6 адамдан турган террордук топ кармалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдиргендей, алардын төртөө Сириядагы согушка катышып келгендер, экөө жергиликтүү криминалдык топтун мүчөлөрү. "Алар Кыргызстандын аймагында террордук акцияларды уюштуруу ниетинде жүрүшкөн",- деп билдирди УКМК. Мекеме төмөнкү маалыматтарды кошумчалайт:
“Кармалган топ курал-жарак жана атайын каражаттарды топтоп алып, Бишкек жана Ош шаарларында атайын террордук багыттагы акцияларды уюштурууну белгилеп жатышкан. Колунда бар адамдарды тоноого пландарды түзүшкөн. Алардын аракеттери адам өмүрлөрүнө коркунуч туудурганына байланыштуу кылмыштуу топту алдын ала кармоого туура келген. Операциянын жыйынтыгында тинтүү иштери өткөзүлүп, кармалгандардын автоунааларынан колго жасалган мылтык, ок атууга ылайыкталып жасалган газ тапанчасы, ок, чүмбөт жана скотч табылды.
Кармалгандар учурда Ош шаарындагы Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында”.
Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.