15-февралда Орусиянын Москва облусунун Звенигород шаарында "кыргызстандыкты өлтүрдү" деген шек менен Өзбекстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу кечээ, 16-февралда орусиялык массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
“Кыргызстандын жараны башынан жаракат алган. Анын жансыз денеси жергиликтүү аскер бөлүмүнүн аймагынан, гараждардын жанынан табылды. Бул кылмышка шектелип Өзбекстандын жарандары кармалышты”,- деп билдирет ММКлар.