Бильярдчы Каныбек Сагынбаев мас абалында унаа айдап жүргөн жеринен кармалды. Анын спирт ичимдигин ичкен абалда унаа айдаганы боюнча протокол түзүлүп, жанындагы жүргүнчүгө кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 17-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, Тойота Кэмри унаасы жол-кайгуул кызматкерлеринин токтотконуна болбой качып кеткен. Унаа Байтик баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилиши жактан токтотулган. Инспекторлор унаанын 28 жаштагы айдоочусу Каныбек Сагынбаевге медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн Наркология борборуна баруусу керек экенин билдиришкен. Ошол учурда унаанын ичиндеги 23 жаштагы К.Улан уят сөздөрдү айтып, инспектордун денесине залал келтирген.
Учурда 23 жаштагы Уланга Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренеси (бийлик өкүлүнө каршы күч колдонуу) боюнча кылмыш иши козголду.