16 жаштагы кыз сатуучу айымды бычак менен коркутуп, азык-түлүк алып кеткен. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 17-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Тоголок Молдо жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан соода күркөсүнөн 15-20 жаштагы белгисиз кыз 67 жаштагы сатуучу айымды бычак менен коркутуп, азык-түлүк алып кеткен.
Милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелип Бишкек шаарынын 16 жаштагы тургуну Майрамкүл кармалган. Учурда тергөө иштери башталды.