Бир апта аралыгында баңги каражаттарын мыйзамсыз сактоо боюнча 8 факт аныкталып, 2 килограммдан ашык героин алынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 9-февралдан 15-февралга чейин жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде 7 кылмышка шектүү кармалган. Аларды кармоо учурунда жанынан чоң көлөмдөгү баңгизаты табылган.
15-февралда Бишкек шаарынан 44 жаштагы КРнын жараны кармалган. Аны текшерүү учурунда жанынан 1 килограмм 977 грамм героин табылган. Табылган баңгизат Орусияга жөнөтүлмөк. Эксперттердин баамында, ал 1,5 миллион сом болмок. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.