2013-жылы Бишкек шаарында 2898 жол кырсыгы катталган. Анда 123 адам набыт болсо, 3546сы жаракат алган. Мындай маалымат борбордук муниципалитеттин отчётунда көрсөтүлгөн.
Маалыматка ылайык, кырсыктардын жана жаракат алгандардын саны 2012-жылга салыштырмалуу көбөйгөн. Өткөн жылы 12 ай ичинде 1061 кырсык учурунда айдоочулар окуя болгон жерден качып кетишкен.
Мындан сырткары Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Жол-кайгуул кызматына 15 284 чакыруу келип түшүп, алардын 5500ү гана такталган.
Адистер 2400 материалды карап чыгып, 230дан ашык ишти сотко жөнөтүшкөн. Ошондой эле 201,5 миң жол эрежелерин бузуу катталса, алардын баарына протокол түзүлгөн. Сотко 8 миң административдик материалдар өткөрүлүп берилген. Анын ичинен 2,4 миң адам айдоочулук күбөлүгүнөн ажырап, 3,6 миңине айып пул салынган. Мамлекеттик казынага 53,1 миллион сом түшкөн.