Бүгүн, 18-февралда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычында англиялык “Манчестер Сити” футболдук клубу каталондук “Барселонаны” кабыл алат. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, “Манчестер Сити”-“Барселона” беттешинен тышкары бул күнү германиялык “Байер” өз үйүндө франциялык ПСЖ менен кез келет. Оюндар Бишкек сааты боюнча 01:45те башталат.
Кошумчалай кетсек, жогоруда аты аталган командалардын ортосундагы жооптук оюн 12-мартта орун алат.