“Сочи-2014”. 18 медалга ээ болгон Орусия командалык эсепте 2-орунга чыкты (17-февралдын жыйынтыгында)

“Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасынын 17-февралдагы катталган жыйынтыктарынын негизинде Орусия курама командасы медалдарынын санын 18ге жеткирип, командалык эсепте 2-орунга чыкты. Бул тууралуу Олимпиаданын расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, 1-орунда 8 алтын уткан Германия курама командасы келүүдө. Алдынкы бештикке кирген Орусия, Голландия, АКШ жана Норвегия курама командаларынын эсептеринде бештен алтын бар.

Командалык эсеп:

1. Германия – 13 медаль (8 алтын, 3 күмүш, 2 коло).

2. Орусия – 18 медаль (5 алтын, 7 күмүш, 6 коло).

3. Голландия – 17 медаль (5 алтын, 5 күмүш, 7 коло).

4. АКШ – 18 медаль (5 алтын, 4 күмүш, 9 коло).

5. Норвегия – 15 медаль (5 алтын, 3 күмүш, 7 коло).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Brat_Kuba
2014-02-18 10:36:42
Канада калып кетиптирго жалан алтын алып атышты эле, же "алтын утпай эле койгула бизге Кумтордун алтыны жетет" деген буйрук келген окшойт э? ))))
+1
Sagy
2014-02-18 10:51:47
Орусия биринчини алат го дейм..
0
abdunur.kg
2014-02-18 11:27:30
россияга ийгилик
0
nur.ai
2014-02-18 23:31:32
Россия алгаааа...
0
admin_superstan
2014-02-19 09:28:00
donchik81 - эскертүү!
Темадан алыстабаңыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан