Жол-кайгуул кызматынын инспекторун унаанын капотунда сүйрөп кеткен айдоочу СИЗОго отургузулду

Жол-кайгуул кызматынын инспекторун сүзүп, унаанын капотунда сүйрөп барып таштай качкан 40 жаштагы айдоочу Болот Тургунбаев камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун чечимин өзгөртүп, айдоочуну тергөө абагына 2 айга отургузду. Ага карата “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Эскерте кетсек, 1-февралда 40 жаштагы айдоочуну Биринчи Май райондук соту башка жакка кетпөө тил каты менен эркиндикке чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kyrgyzstan13
2014-02-18 10:50:00
Туура кылыптыр ошондо сыйлап калат МАИчилерди жол эрежесин бузган айдоочулар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан