Балыкчыда баласы энесин балта
менен өлтүрүп салды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИББинин басма сөз кызматы
билдирди. Маалыматка ылайык, кечээ саат 09:30да Шаардык ички иштер
башкармалыгына 75 жаштагы К.Надежданын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу
маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери маркумдун башындагы жаракатты көрүп,
анын оор буюмдун соккусунан улам көз жумганын аныкташкан.
Кылмышка шектелип анын
49 жаштагы уулу К.Анатолий кармалган. Буга чейин соттолгон баласы энесин балта
менен уруп өлтүргөнүн мойнуна алган. Ал энеси пенсия алып, ичимдик үчүн уулуна
акча бербегенин жана ачууга алдырып балта менен чаап салганын айткан.
Өлтүрүп алганын түшүнгөн соң изин жашырган. Үйдү тинтүү учурунда 96
грамм баңгизаты, Калашников автоматы жана Ф-1 гранатасы табылган. Ага карата
кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга жеткирилди.