Бүгүн, 18-февралда “Сочи-2014” Олимпиадасында 7 комплект медаль ойнотулат. Бул тууралуу Олимпиаданын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, биатлон, тоо-лыжа спорту, лыжа менен кош жарыш, коньки тээп ылдамдыкка чуркоо, сноуборд, фристайл жана шорт-трек боюнча Олимпиада чемпиондорунун ысымдары белгилүү болот.
Оюндардын тизмеси жана башталыш сааттары:
Биатлон (Бишкек убактысы боюнча 16:30да башталат. Уландар арасында масс-старт 15 чакырым).
Бобслей (Кыз-келиндер ортосунда биринчи жарыш 21:15те, экинчи 22:20да башталат).
Тоо-лыжа спорту (Гигант слалом. Кыз-келиндер арасында биринчи жарыш 11:30да, экинчи жарыш 15:00дө старт алат).
Кёрлинг (Тай-брейк түрү боюнча уландардын биринчи сессиядагы оюну).
Лыжа менен кош жарыш (15:30да жана 18:00дө башталат).
Коньки тээп, ылдамдыкка чуркоо (19:00. Уландар арасында 10 000 метр аралык).
Сноуборд-кросс (12:30да старт алат. Уландар арасында жарым чейрек финал, чейрек финал, жарым финал жана финал орун алат).
Фристайл (19:45. Ски-хафпайп түрүнөн тандап алуу туру жана финал орун алат).
Хоккей (Уландар жана кыз-келиндер арасында 3 беттеш орун алат. 14:00дө, 18:30да жана 23:00дө башталат).
Шорт-трек (Кыз-келиндер арасында жарыштар 15:30да, уландар арасында 16:15те, кыз-келиндер арасында эстафета 16:54тө башталат).