Бүгүн, 18-февралда Кантта футбол боюнча “Ала-Тоо Кубогу-2014” мелдеши башталат

Бүгүн, 18-февралда Кант шаарында футбол боюнча “Ала-Тоо Кубогу-2014” мелдеши башталат. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, мелдеште 8 команда төрт-төрттөн 2 тайпага бөлүнүп оюн өткөрүшөт. Жыйынтыгында командалар тайпада үчтөн оюн өткөрүп, кийинки баскычка топтогон упайлардын негизинде чыгышат. 3-орун үчүн оюн жана финалдык оюн 22-февраль күнү болот.

“А” тайпасында “Алдиер” (Куршаб), “Беловодск” (Беловодск айылы), “Дордой” (Бишкек) жана “Наше пиво” (Кант) командалары бар. Ал эми “В” тайпасында кармаш “Абдыш-Ата” (Кант), “Алга” (Бишкек), “Живое пиво” (Кант) жана “Дордой-2” футболдук клубдарынын ортосунда орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан