16-февралда Чүй облусунун Кемин районунда саат 17:15 чамасында эки унаа кагышып кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Фольксваген Венто үлгүсүндөгү унаанын 28 жаштагы айдоочусу жолдун каршы тилкесине чыгып, Фольксваген Пассат унаасы менен сүзүшүп кетти. Кырсыктын кесепетинен эки айдоочу жана 3 жүргүнчү жаракат алышты. Алар аймактык ооруканага жеткирилишти.
Жол кырсыгы боюнча соттук-медициналык, автотехникалык экспертизалар жүргүзүлөт. Тергөө иштери жүрүүдө.