Унаа оңдоочу жайга таштап кеткен Ауди 100 унаасын аталган жайдын кызматкери сатып жиберген

Унаа оңдоочу жайга таштап кеткен Ауди 100 унаасын аталган жайдын кызматкери сатып жиберген. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, Пригородное айылынын 26 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал бир канча күн мурун унаа оңдоочу жайга Ауди 100 үлгүсүндөгү унаасын оңдоо үчүн таштап кеткенин айткан. Кийин аталган жайдын мастери унааны сатып, өзү качып кеткендиги белгилүү болгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип Жалал-Абад облусунун 26 жаштагы тургуну Каныбек кармалган. Ал мурда да сот жообуна тартылган. Учурда анын үстүнөн “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
simple_boy
2014-02-18 12:58:21
тооба кылдым
0
Aviator
2014-02-18 13:38:04
мына сага. кайда баратабыз.
0
Dasmond
2014-02-18 13:51:51
Aviator, билбейм
0
faha
2014-02-18 14:49:39
jon ele kuday bergen yryskyny jep jashay berbeyt beken...)
0
tokmok.93
2014-02-18 14:59:25
документери жок кантип сатты экен?
0
sterva
2014-02-18 15:35:57
Канчага сатыптыр
0
eblk
2014-02-19 00:19:35
Да ушундай кантип болсун эптеп семиясын багып жургон кишинин уунасын сатып жиберген.
0
glock
2014-02-20 21:54:04
Ой аферист кудайдан корксон боло.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан