“Сочи-2014”. 3 алтын медаль тагынган Дарья Домрачева Беларустун Баатыры наамына татыды

Биатлон спорту боюнча “Сочи-2014” Олимпиадасында 3 медаль алган Дарья Домрачева Беларустун Баатыры наамын алды. Европалык басылмалар кабарлагандай, бул тууралуу буйрукка өлкө президенти Александр Лукашенко кол койду.  

Маалыматка ылайык, Домрачева 17-февралда кыз-келиндер арасында 12,5 чакырымдык масс-стартта жеңишке жетишип, бул Олимпиада алкагында өз мамлекетинин эсебине бешинчи алтын медалды алып келди. Дарья ага чейин коштоп жарышууда жана жеке жарышта алтын медаль ээси болгон.

Кошумчалай кетсек, “Сочи-2014” Олимпиадасында Беларусь карамагындагы 5 алтын, 1 коло медаль менен командалык эсепте 7-орунда келүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
konfetka_dia
2014-02-18 15:20:49
ооо азамат,бизде да ушундай спортсмендер кобойсун
+2
acer11
2014-02-18 15:33:29
Окурмандар биздин Тимофеев не болду катыштыбы. Толук маалымат барбы Супер-инфо кабарын жазып койгулачы.
0
aikow92
2014-02-18 15:37:45
acer11, Ал 19-февралда жана 22-февралда тоо-лыжа спортунун слалом жана супергигант түрлөрүнөн мелдешке катышат. Бул расмий түрдө бекитилди- Канат Аманкулов http://www.super.kg/kabar/news/50899/
0
acer11
2014-02-18 16:02:04
aikow92, Рахмат.
0
PROS
2014-02-18 15:46:12
Красавица! Даша чындыгында татыктуу!
0
Brat_Kuba
2014-02-18 16:13:09
Кыйын экен
0
Akshumkar
2014-02-18 16:19:18
Бул кызды Роосия, Беларусига сатып жиберген. Мына сага эми минтип чемпион болуп жатат.
0
azat_sokrat
2014-02-18 17:19:32
азамат кыз!мен бул кыздын куйорманымын аябай жакшы ката кетирбейм ойнойт
0
barsa1984
2014-02-19 01:11:22
Бизде мындай чемпиондор чыкса Кыргызстанга келээри менен салык төлө деп желкелеп баштайт болчу...))))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан