Кыргызстандык чек арачылар тарабынан спирт сордуруп алуучу желим түтүк табылды. Анын узундугу 500 метр, диаметри 20 миллиметрди түзөт. Ал таш менен басылып, Чүй дарыясынын нугуна жаткырылган. Ошол түтүк аркылуу Казакстан тараптан Кыргызстанга аткезчилик жол менен спирт өтүп турган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн, 18-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган аймак “Токмок” чек ара заставасынын жоопкерчилигинде болгон.