Акыркы сутка ичинде республика аймагында 6 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги 19-февралда билдирди. Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 1, Ош облусунда 1, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 1, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Бишкек шаарында турак үйдүн 100 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу эрежелердин бузулушу себеп болгон. Жабыркагандар жок.